Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сугалак, дүнүйөкор, нысапсыз, көзү тойбогон, ар нерсеге көз артканын койбогон. Ач көз атасын аябай дал келтире кордоп, өчүмдү алып бердиң (Бейшеналиев). Менин колумдан келсе, мына бу дүнүйөкор, ач көздөн бечара дунганды бошотуп алууга даяр элем. (Элебаев). Эч нерсеге тойбогон ач көз мына, Чокко түшкөн чычкандай куйкаланган (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сугалак, дүнүйөкор, нысапсыз, көзү тойбогон, бир нерсеге көз артканын койбогон. Ач көз атасын аябай дал келтире кордоп, өчүмдү алып бердиң (Бейшеналиев). Менин колумдан келсе, мына бу дүнүйөкор, ач көздөн бечара дунганды бошотуп алууга даяр элем (Элебаев). Эч нерсеге тойбогон ач көз мына, Чокко түшкөн чычкандай куйкаланган (Т. Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Советтик Кыргызстан»). Куттуу жерин тытып-тоноп, Гитлердин ач көздүгү ашынды (Өмүрбаев). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Нысабы жоктук, сараңдык, дүнүйөкорлук, сугалактык. Алар акчанын, ач көздүктүн кулу, жылдан жылга кымыздын баасын өйдөлөтүшкөнү аз келгенсип, адамдын ден соолугуна зыяндуу көбүрмө-жабырма заттарды кошуп ийүүдөн да тартынышпайт («Кыргыз туусу»). Ал жөн эле турган жок, айланасына ач көздүк менен көз жүгүртүп турат (Жантөшев).